Announcement

ОшМУда окуучуларды жалпы республикалык тестирлөөгө даярдоо

Ош мамлекеттик университети мектеп окуучуларынын кышкы каникул мезгилинде окуучулар үчүн атайын кышкы лагерди Программалоо, “Математиканы, информатиканы окутуу технологиялары жана билим берүүдөгү менеджмент” кафедралары уюштурду. ОшМУжана факультеттин материалдык-техникалык базасы, кафедралар тууралуу кеңири маалымат ала алышты. Ош областынын райондорунан жана Ош шаарынын мектептеринен келишкен окуучуларга МИТ факультетинин деканы, ф.-м.и.к., доцент Асылбеков Т. ОшМУ жана факультет боюнча маалымат берди. Программалоо кафедрасынын башчысы, ф.-м.и.д., профессор Сопуев А. Жаңы технологиялар боюнча билдирүү жасады. МИОТ жана ББМ кафедрасынын башчысынын м.а., п.и.к.,доцент Оморов Ш. Жалпы республикалык тестирлөө жөнүндө жалпы маалымат берди. Мирзакамалова Мадина ПОВ(б)-2-14 тайпасынын студенти Алматы шаарындагы “Жаңы экономикалык университетинде” 6 ай окуп келип, университеттиер аралык мобилдүүлүк боюнча ой бөлүштү. Кышкы каникулда жалпы республикалык тестирлөөгө даярдоо боюнча окуучуларга МИОТ жана ББМ кафедрасынан Тагаев У., Садыков З., Келдибекова А., Программалоо кафедрасынан Абдираимова Н., Төлөбаева К., Абдугулова Г., Абдумиталип уулу Кубат, Матанализ кафедрасынан Акматов А., Алгебра жана геометрия кафедрасынан Папиева Т. Сабактарды өтүп жатышат.
3400 15:18 20-01-2016

                 

Announcement

|< >|