News

Бүгүнкү билим берүүнүн маселелери жана окутуунун жаңы технологиялары

ОшМУнун мектеп мугалимдеринин билимин өркүндөтүү институту менен Кадамжай райондук билим берүү бөлүмү тарабынан уюшулган "Бүгүнкү билим берүүнүн маселелери жана окутуунун жаңы технологиялары" деп аталган 72 сааттык семинар-тренингге Кадамжай районунун А.Шамырзаев, О.Тешебаев, "Моло" мектептеринин мугалимдери катышышты. Семинар 2017-жылдын март, апрель, май айларында уюшулду. 15-май күнү семинардан алган билимдерин бышыктоо максатында А.Шамурзаев мектебинде ачык сабактар өткөрүлдү, Ал сабактарга семинардын катышуучулары жана ОшМУнун доценттери Т.Папиева жана Н.Курбанбаева катышып, сабактарга анализ, жакшыртуу сунуштары берилди. Бул тажрыйба алмашуу аянтчасы семинардын катышуучулары менен кайтарым байланыш жүргүзүүгө шарт жаратып берди.
2854 10:31 22-05-2017

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|