News

Юридика факультетинде конок лекция

17-май саат 10.30 да "Кыргызстандагы аял соттордун Ассоциациясы" тарабынан лектор Каримова Рахат Абдылдаевна келди. Ал студенттерге "Укуктук маалыматтарды алуу жөнүндө жарандардын билимин жогорулатуу" деген темада лекция окуду. Ош областтык сотунун мурдагы судьясы, ОшМУнун юридика факультетинин алгачкы бүтүрүүчүлөрүнүн бири,ошол эле убакта факультетибизде окутуучу болуп эмгектенген эжекебиз студенттерге кызыктуу, зарыл болгон маалыматтарды берип өттү. Лекциянын аягында студенттерибиз Рахат Абдылдаевнага өздөрү кызыккан суроолорду беришип, көпкө коё беришпеди. Факультеттин жалпы жамаатынын атынан деканыбыз Гулсара Кенжеевна, Рахат Абдылдаевнага ыраазычылыгын билдирди.
3272 16:46 17-05-2018

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|