Объявления

ОшМУнун магистратура жана PhD докторантура бөлүмү Конференцияга чакырат.

Ош мамлекеттик университетинин магистратура жана PhD докторантура бөлүмү 1-2-курстардын магистранттары үчүн 2018-жылдын 27-апрель күнү ОшМУнун магистратурасынын түзүлгөнүнүн 4 жылдыгына карата “Жаш окумуштуулардын илимий изилдөөлөрү: гипотезалар, практикалык сунуштар, иштелмелер” деген аталышта илимий-практикалык конференция өткөрүлөөрүн маалымдайт. Конференцияга жаш окумуштуулар (35 жашка чейинки), магистранттар, аспиранттар жана студенттер катышыша алышат. Магистратурада окугандар сөзсүз түрдө (1-2-курстар үчүн) катышуусу зарыл! Конференция 2018-жылдын 27-апрелинде Ош мамлекеттик университетинин чоң актылык залында өткөрүлөт.
2931 10:46 06-02-2018

                 

Объявления

|< 1 2 3 >|