News

ОшМУда "Магистрантарды 1-курска кабыл алуу" салтанаты болуп өттү

ОшМУда "Магистрантарды 1-курска кабыл алуу" салтанаты болуп өттү. Иш чараны ачып жатып ректор, филол.и.д., проф. К.А. Исаков магистратурада окуунун өзгөчөлүктөрүнө, калыптандырылуучу компетенцияларына токтолуп, университетте тиешелүү багытта жетишилип жаткан ийгиликтерге магистранттарды да окууда, илимий темаларын аткарууда,коомдук иштерде активдүүлүк көрсөтүү менен салым кошууга үндөдү. Илимий темаларды тандоодо, анын актуалдуулугуна, практикалык маанисине көңүл бурууга жана плагиаттан алыс болууну айтып, учурда магистранттар диссертацияны коргоодон алдын илимий иштеринин жыйынтыгы боюнча 2 кем эмес макала чыгарууга тийиш жанан диссертация сөзсүз "Антиплагиат" программасынан текшериле тургандыгын билдирди. Биздин бөлүмгө ийгиликтерди жана магистранттарга ак жол каалап, сөзүн бүтүрдү. Декандардын атынан Магистратура жана PhD бөлүмү менен активдүү кызматташып келе жаткан тарых факультетинин деканы, тар.и.к., доцент С.А. Смадияров куттуктоо айтып, андан ары программа боюнча 2-курстун магистранттары даярдаган түрдүү куттуктоолор болду. ОшМУнун илимий китепканасынын директору С.С. Мамбетова магистранттарга калоо тилектерин билдирүү менен учурда китепканада түзүлүп жаткан электрондук окуу куралдары, мезгилдик басылмалардан чыккан илимий журналдар жана учурда китепканада иштеп жаткан бардык программалар магистранттарды тейлөөгө даяр экендигине токтолуп, сайтка кирүү менен маалыматты алууга болоорун, жана атайын магистранттар үчүн бурч да уюшулгандыгына токтолду. Кабыл алуу аземинин этегинде магистранттар "Сырдуу кутучага" келечек максаттары, тилектери катылып "Сырларын жазып" калтырышты. Ал буюрса 5 жылдык жолугушууда ачылып, ким кандай ийгиликке жеткендигин бөлүшүшөт, деген ойдомун. Кабыл болсун жакшы тилектер, үмүттөр ылайым!. "Сырдуу(секрет) кутучасын жашыруу магистранттардын көчөтторүн эгүү учурунда болот. Салтанаттын аягында магистранттар үчүн зачеттук китепчелер жана магистранттын күбөлүгү тапшырылып, Аземдин алып баруучусу ОшМУнун юриспруденция адистигин магистранты, ОшТВ каналынын диктору Калыбеков Бексултан "Магистранттардын антын" окуп жалпы 1-курстар коштоп азем алардын анты менен аяктады!
2420 15:21 23-11-2017

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|