News

ОшМУнун магистратура жана PhD докторантура бөлүмүнүн башчысы профессор Т.Т. Жумабаева Мевлана программасынын алкагында Түркияда тажрыйба алмашууда

1-күн. Мевлана академиялык алмашуу программасы менен Туркиянын байыркы, тарыхий шаарларынын бири Эдирнеде жайгашкан Тракия университетинде болдук. Бизди 2017-жылдын 3-апрелинде саат 10до ректорлугунун корпусунда Мевлана программасынын координатору Фаиза ханум тосуп алды. Ал бизди университеттин эл аралык мамилелер боюнча координатору Мурат Туркилмаз менен жолугуштурду. Мурат кесиби боюнча химик болгондуктанбы тез эле тил табыштык, ал тиешелүү факультеттерге телефон чалып, бизди кимдер тосуп аларын айтты, фамилия аттарын жазып да беришти. Өз иштерин мыкты билген кызматкерлер бизди тез эле кабылдап, документтерибизди толтурушуп, машинелер менен тиешелүү бөлүмдөргө жөнөтүштү.

Университет 1982-жылы курулуп, учурда чоң КАМПУСТА 40 000 жакын студентти бар заманбап, жаркыраган окуу корпустарына, жатаканаларына, лабораторияларына күбө болдук.

Бөлүнгөн факультеттерибизде тиешелүү кафедраларында профессордук-окуутучулук курамы менен жолугуштук. Бизге бардык шарттары бар, комнаталарды жардамчылары менен бөлүп беришти, сабак жадыбалын да бекиттик. Ректор менен 3-күнү саат 10.00 жолугушуу пландаштырылды. Түштөнүүгө биология бөлүмүнүн профессору Белгин Элипек атайын окутуучулар үчүн жасалган ашканасына чогуу алып барды. Түштөнүүдөн чыгаарыбыз менен бизди күтүп алган химия бөлүмүнүн башчысы профессор Месут Качан менен кайрадан факультетте болдук. Сабактардын жадыбалын түзүп, бекиттик, 3-4 күндөрү сабак бере турган болдук. Андан соң, саат төрттөн Эдирне шаарынын тарыхий жайларына экскурцияга алып барышты. Кечки тамак менен сыйлап, сувенирлерден алып беришип, мейманканага жеткирип коюшту. Шаар абдан кооз, эски жана жаңы архитектураны айкалыштырып өзгөчөлүк берилген, тынч, элдеринде бактылуулук сезилген бейпил шаар экенин байкоого болот. Бизди Грециянын чек арасына чейин алып барышты, көп тарыхий жерлерин, эски мечиттерин көрдүк. Ошко барышса эмнени көрсөтөбүз деп ойлонуп да койдум. Кантсе да, жаңы күн, жаңы элди, маданиятты, жаңы мыкты тааныштарды жолуктургандыгыма кудайга ыраазы болуп, каниет кылып, шугурчулук келтирип эртең болуучу жолугушууларга даярдык көрүп калдым.

2-күн. Факультеттин деканы Анкарада командировкада болгондуктан бизди декандын орун басары Озлем Четин Эрдоган жылуу кабыл алды. Ал кесиби боюнча биолог-энтомолог экен. Жолугушуудан кийин биология бөлүмүндө болдук. Профессор Белгин Элипек тосуп алып, бизге атайын комната, жардамчысы менен тапшырды. Доктор Утку чакырып ал бизге бөлүмдүн илимий лабораторияларын жана музейин көрсөтүү менен ар бир экспонатын баяндап айтып берип жатты. ИИ долбоорубузда аткара турган иш планыма кийирилген жумуштарга да тиешелүү тажрыйба жана ойлонууга маалыматтар алдым. Андан кийин өз бөлмөмүзгө 4-күнү отулуучу сабак-семинарга даярдандым. Мага семинарды профессордук-окутуучулук курамга, РhDлерге өтүү пландаштырылган.

3-күн. Бүгүн факультетке барып декандын орун басары, биология, химия бөлүмдөрүнүн башчылары менен дагы бир ирээт жолугуштук, келечек алмашуу багыттарыбызды сүйлөштүк. Химия бөлүмүндөгү лабораторияларды кыдырдык. Сабакка даярдандык. 6.04.2017-жыл бүгүн ОшМУнун делегациясын Тракия университетинин ректору, профессор, доктор, Эрхан Табакоглы кабыл алды. ОшМУдан барган делегацияны б.и.д., профессор Т.Т. Жумабаева тааныштырып, ректордун атынан калоо айттып, белек тапшырдык. Жолугушууда ректордун белек тапшырып жаткандагы сөздөрү эсте калды. “Биз негизинен тилибиз бир, динибиз бир, дилибиз да бир элдерденбиз, Бурсанын иниси, Стамбулдун агасы болгон Эдирне шаарыбызга куш келибсиздер, бул лали (тюльпан) гүлү жаздын, нооруздун белгиси, элге жаз, жылуулук келгендигин белгилейт. Нооруз өзү кыштан аман чыккандык, жакшы тилек, лали гүлү “аллах” гүлү, анын өзүндө да “аллах” жазуусу чегилген, ошондуктан шаарыбыздын символу. Биз да сиздерге ошондуктан лали гүлдөрүн жакшы тилектер менен Университетиңерге, ректор мырзага жакшылык тилеп, өз ара кызматташуу кеңейишин каалап белек катары лали гүлдөрү, Нооруз тилеги түшүрүлгөн белекти эң мыкты арзууларыбыз катары тапшырып коюңуздар” – деди. Жардамчыларына биздин желекти кийгенден кийин “Мен кыргыз болдум!”

деп сүрөткө алышын сурап, адис фотографты чакырттырды. Бизге да ар бирибизге белектер тапшырылып, өз ара мыкты калоолор менен алмашылды.

Андан соң ар кимибиз бөлүмдөрүбүздө болдук. Мен окутуучуларга жана PhD лерге семинар сабак өттүм.

Семинар алдында, профессор, декандын орун басары Озлем Четин Эрдоган менен, конференция залында угучуулардын топтолушун күтүү мезгилинде Озлем жасаган селфи. Мен аларга Кыргызтандын кооз жаратылышы тууралуу англис тилиндеги роликти көрсөтүп, уландысы катары Кыргызстандагы туруктуу өнүгүү жана биокоптурдуулук боюнча доклад жасадым. Суроолоруна жооп бердим. Учурдун эң чоң экологиялык көйгөйү дегенге ушул учурда жер көчкүлөр көп болуп жаткандыгын айттым.

Тракия университетинин эл аралык кызматташуу бөлүмүн да эки университет ортосундагы келишим туралуу жана университеттин башка факультеттерине экскурция жөнүндө аңгемелештик. Андан соң так илимдер факультетинин деканыны доктор, профессор Охан Шефкетейрдин кабыл алуусунда болдук. Көп маселер талкууладык. Өз ара кызматташуу, студенттердин алмашуусу, магистердик программалар, PhD иштерин уюштурулушу туралуу сүйлөшүүлөр жүргүздүк. Кийин мен биология бөлүмүнүн окутуучулары менен “Биополитика” предметин курстук тандоо катары кийирүү деген семинарды биздин Стамбулда Мармара университетинде окуп жаткан магистрантыбыз Асилбек Абдыганиевдин катышуусунда өттүм. Талкууда түрк тилинде болгондуктан кызыктуу болду.

Университеттин китепканасында 16 млндон ашуун китеби бар экен жана ал 24 саат иштейт дешти. Эртеси саат 9да фан факультетинин лабораторияларына, музейлерине, гербариумуна бардык. Көп нерселерин тартып, белгилеп алдык.

Саат 11 де Мурат бейдин жардамы менен табигый илимдер институна, директору доктор, профессор Мурат Юрткан жана анын жардамчысы, доцент (ас. профессор) Ферхат Карабулут, социалдык илимдер институтунун директору, Левент Дожан, доктор, менен жолугушуп магистрдик программалардын иштеши менен тааныштык, өз ара кызматташууларды талкууладык.

Ошентип жолугушууларда көптөгөн маселелер көтөрүлүп, университеттердин ортосундагы мамилелерди, академиялык алмашууларды активдештирүү, биргелешкен билим берүү жана илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү жатында сүйлөшүүлөр жүргүзүп жаттык.

Б.и.д ., п рофессор Таасилкан Жумабаева, Тракия университети, Эдирне шаары

2699 10:25 18-04-2017

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|