News

ОшМУда Бүткүл дүйнөлүк эне тил күнү белгиленди

Ош мамлекеттик университетинде -февраль күнү Бүткүл дүйнөлүк эне тил күнүнө карата чоң программадагы концерт тартууланды.

Кечеде университетте окутулуп жаткан 8 (кыргыз, орус, өзбек, англис, немец, түрк, кытай, корей,) тилдерде жана чет өлкөдөн келип билим алган студенттердин басымдуу бөлүгү сүйлөгөн хинд тилдеринде ар бир улуттун эне тили даңазаланды. Башка кечелерден айырмаланып мында окуу жайда билим алып, иштеп жаткан башка улуттун өкүлдөрү катышып, өз эне тилдеринде саламдашып, өз эне тилинин улуулугун даңазалаган көркөм окууларды окушуп, ыр ырдап, улуттук бийлерин, маданиятын тартуулашты. Ошондой эле кереметтүү кыргыз комуз күүсү чертилип, “Манас” эпосунан үзүндү айтылып, көркөм окуулар жаңырды.

“Кечени уюштуруудагы негизги максат кыргыз элинин, кыргыз тилинин айланасына этносторду бириктирүү, этностор ортосунда биримдикти, ынтымакты бекемдөө болуп саналат. Бүгүнкү күндө ОшМУда Кыргыз Республикасында мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасына негизделип университетте көп тилдүүлүк саясатын жүргүзүү иштери жүрүп келет”,- деди ОшМУнун мамлекеттик тил боюнча проректору Олжобай Шаимкулов.

“Кечеде ар бир факультет өзгөчө даярдыкта өнөрлөрүн тартуулашты. Кыргыз, орус, өзбек, англис, немец, түрк, кытай, корей, хинд тилдериндеги улуттук ыр-бийлер, көркөм окуу, презентациялар катышуучулардын жүрөгүнөн түнөк таап, шаң менен коштолду. Кечеде студенттерибиз түрдүү улуттардагы элдердин эне тилин даңазалоо менен бири-бири менен достошуп, ынтымактын үлгүсүн көрсөтүштү”,- деди фестивалдын уюштуруучусу, мамлекеттик тил борборунун жетекчиси Мейликан Нурмаматова.

Фестивалдын соңунда катышуучуларга дипломдор, баалуу белектер ыйгарылып, ыраазычылык сөздөрү жаңырды.

Белгилей кетсек, 1999-жылы ЮНЕСКО эл аралык уюму тарабынан 21-февраль Бүткүл дүйнөлүк эне тил күнү деп жарыяланган.

13801 11:09 22-02-2017

                 

News

|< >|