News

Кыргыз Республикасынын Эл артисти, ОшМУнун профессору Жолболду Алибаевге «Рыспай Абдыкадыров атындагы эл аралык сыйлык» ыйгарылды

Аталган сыйлык Бишкек шаарындагы Т.Сатылганов атындагы улуттук филармонияда улуу обончу Рыспай Абдыкадыровдун 75 жылдыгына мааракесине арналган иш чарада Маданият, маалымат жана туризм министрлиги жана Республикалык Рыспай Абдыкадыров атындагы коомдук фонду тарабынан тапшырылды.

«Р.Абдыкадыровдун 75 жылдыгы жогорку деңгээлде жыйынтыкталды. Ага өлкөнүн жети дубанынан чыгаан таланттар келип катышышты. Негизги орундарды Ош шаарынан барган таланттар ээлешти. Эки баш байгени ОшМУнун кызматкери Абдыкерим Ахмедов жана Н.Боронов атындагы музыкалык окуу жайдын бөлүм башчысы Жаныбек Ботобековдор ээлешти», -деди Кыргыз Республикасынын Эл артисти, ОшМУнун профессору Жолболду Алибаев.

6601 14:43 20-01-2017

                 

News

|< >|