News

ОшМУда айлык акылар жогорулады

ОшМУда профессордук-окутуучулук курамдын, окуу-көмөкчү персоналдардын, административдик чарба кызматкерлердин айлык акылары жыл сайын үзгүлтүксүз жогорулап келе жатат.

Быйылкы жылы да ОшМУнун профессордук-окутуучулук курамы, кызматкерлери январь айынан баштап негизги кызматтык окладына буга чейинки кошулган стимулдардан сырткары негизги кызматтык окладына 30-40%га чейин кошулган эмгек акыларды ала башташат.

ОшМУнун ректору, профессор Каныбек Исаков айлык акылардын жогорулашы боюнча: “Профессор, окутуучуларыбыздын, кызматкерлерибиздин ишке болгон кызыгууларын арттырып, социалдык абалдарын жакшыртуу үчүн жыл сайын финансы булактарын сарамжалдуулук менен пайдаланып университеттин окутуучуларынын айлык акыларын жогорулатуудабыз”,-деди.

Кошумчалай кетсек, декабрь айында ар бир кызматкерге жаңы жылга карата бир оклад өлчөмүндө 13 айлык сыйлык акчалар төлөнүп берилди.

Соңку 5 жыл аралыгындагы эмгек акыны 6 жолку жогорулатуу менен бүгүнкү күндө анын өлчөмү бир ставкада иштеген илимдин доктору, профессор – 34 440 сом, илимдин кандидаты, доцент – 28 020 сом, улук окутуучу – 19 600 сом, окутуучу үчүн – 15 350 сомду түзүүдө.

7306 15:55 19-01-2017

                 

News

|< >|