News

Окутуучулар үчүн тил үйрөнүү курстары башталды

Ош мамлекеттик университетинде январь айында көп тилдүү билим берүүнүн алкагында окутуучулар үчүн тил үйрөнүү курстары башталды.

Учурда англис тилинен 2 тайпа чет тилдер факультетинде, орус тилинен 2 тайпа жана кыргыз тилинен бир тайпа кыргыз филологиясы жана журналистика, орус филологиясы факультеттеринде өз ишин баштады.

Алгач тил үйрөнүүнү каалаган бардык факультет, колледждердин окутуучулары тил билүү деңгээлин аныктоочу тест тапшырышып, тесттин жыйынтыгына ылайык тайпаларга бөлүнүштү. Университет тарабынан уюштурулуп жаткан тил курстары 4 айга созулуп, акысыз окутулат.

Белгилей кетсек, ОшМУда көп тилдүү билим берүү алкагында бир топ иш аракеттер аткарылып келет, алардын бири катары бул жылы окутуучулардын тил билүү деңгээлин жогорулатуу багытында иштер жүрүп, жыл аягына чейин бир нече тилдер боюнча курстардын уюштурулуусу пландаштырылган.

6374 16:07 11-01-2017

                 

News

|< >|