Аталган билим берүү мекемесинде учурда 1-класска 2 класс кабыл алынып, 20дан 40 окуучу билим алып жатышса, 2-класста да 20 окуучу бар. Алар КРдин Билим берүү жана илим министрлигинин талаптарына ылайык билим алышууда.
«Окуучулардын сапаттуу билим алуусуна бардык шарттар түзүлгөн, окуучулардын коопсуздугу үчүн атайын маршруттар уюштурулган. Үч маал тамактануу менен окуучулар сабактан сырткары түштөн кийин үй тапшырмаларын аткарып, ата-энелердин жана балдардын тандоосуна ылайык «англис тили», «компьютер», «хореография», «музыка-театр», «карате» сыяктуу түрдүү ийримдерге катышып жатышат. Негизгиси шарттарыбыз жакшы, жылуу, мугалимдерибиз изденүү менен билим берип жатышат. Окуучулардын бир айлык төлөмү 4000 миң сомду түзөт»,-дейт «Зирек» башталгыч билим берүү мекемесинин директору Гульсина Мукамбетова.
Белгилей кетсек, Ош мамлекеттик университетинде бала бакчадан тартып билим берүүнүн бардык баскычтары камтылган.