News

“Улуу Жибек Жолу” кубогунун жеңүүчүлөрү Кытайдын шаарларына саякаттоого жолдонмо утуп алышты

Ош мамлекеттик университетинде 29-ноябрь күнү “Улуу Жибек Жолу” кубогунун экинчи жолку “Кытай менен Кыргызстандын кол кармашып Кытай тууралуу маектешүүсү” аттуу интелектуалдык конкурсунун финалдык беттеши болуп өттү.

Аталган сынактын финалдык беттешине буга чейинки сынактарда жеңишке жетишкен Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынан 15 конкурсант катышышты.

Калыстардын баалоосу менен жыйынтыгында 3 катышуучу 1-орунга ээ болушту. Жеңишке жеткен Кыргыз-Кытай факультетинин 3-курсунун студенти Тойгонбаев Курсант, 4-курстун студенттери Чырмашов Манас жана Токтосунова Элиза уюштуруучулар тарабынан Кытай жергесине саякаттык жолдомолорго ээ болушту.

Ал эми 2-3-орунду ээлеген конкурсанттар кол телефондор жана баалуу белектер менен сыйланышты. Аталган сынак Кытай консулдугу жана Кыргыз-Кытай факультети менен биргеликте уюштурулду.

7049 11:58 01-12-2016

                 

News

|< >|