News

КММАда уюштурулган олимпиадада медицина факультетинин “MedActiv ” командасы I орунду камсыз кылды.

И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз Медициналык адемиясында 1-жана 2-курстун студенттеринин ортосунда морфология, клиникалык анатомия жана анатомиянын тарыхы боюнча биринчи студенттик Олимпиадага республика боюнча медицина багытында адистерди даярдаган 5 жогорку окуу жайынан 13 команда катышып, ОшМУнун медицина факультетинин “MedActiv ” командасы I орунду камсыз кылышып I даражадагы диплом менен сыйланышты.

Факультеттин деканы Административдик кеңеште жеңүүчүлөрдү куттуктап алдыдагы окууларына ийгилик, университеттин, факультеттин аброюн дагы бийик көтөрүүгө салым кошо берүүсүн каалады.

Олимиадага студенттерди медицина факультетинин “Адамдын нормалдуу жана топографиялык анатомиясы конституциональдык типология курсу менен” кафедрасынын С.Дж. Джолдубаев, К.Ш Сакибаев, З.М. Кадыбаев, М.К.Нуруевдер тарабынан даярдалган.

4601 14:29 29-11-2016

                 

News

|< >|