News

Ош МУнун медицина факультетинде медициналык билим беруунун реформалары тууралуу жолугушуу болуп өттү

2016-жылдын 12-октябрында Швейцариянын Кыргызстандагы посолу Рене Холенштайн, Швейцариялык өнүктүрүү жана кызматташуу фондунун директорунун орун басары Элизабет Фон Каппелер, Женевадагы саламаттыкты сактоо боюнча форумдун президенти, профессор Луи Лутон, Швейцариялык өнүктүрүү жана кызматташуу фондунун Кыргызстандагы координатору Эльвира Мураталиева, «Кыргыз Республикасында медициналык билим беруунун реформалары» долбоорунун менеджери Гүлзат Орозалиевалар Ош мамлекеттик университетинин ректору Каныбек Исаков менен жолугушуп, өз ара кызматташуу боюнча пикир алышышты.

Медицина факультетиндеги жолугушууда медициналык клиникада болушуп, «Кыргыз Республикасында медициналык билим беруунун реформалары» долбоорунун алкагында жүргүзүлүп жактан иштер менен жакындан таанышышты. Өз учурунда ректорубуз тарабынан университетибиздеги акыркы жетишип жаткан ийгиликтер, окутуудагы информациялык технологиялар, инфраструктуралык өзгөрүүлөр тууралуу кеңири маалымат берилди.

Факультеттин деканы, профессор М. Арстанбековдун белгилөөсүндө Швейцариялык өнүктүрүү жана кызматташуу фонду ОшМУнун Медицина факультетинин окуу-лабораториялык корпусунда ачылып жаткан “Практикалык көндүмдөр борборуна” симуляциялык препараттарды, манекендерди сатып алууга 38 миң доллардык каражат бөлүшкөн.

Белгилей кетсек ОшМУнун Медицина факультети «Кыргыз Республикасында медициналык билим беруунун реформалары» долбоорунун алкагында жаңы интеграцияланган окуу пландарын түзүү боюнча иштерди алып барууда. Учурда Медицина факультетинин «560001 – дарылоо иши” адистигинде билим алып жаткан 1-курстардын студенттери аталган долбоордун алкагында дисциплиналар аралык модулдук программа боюнча билим алып жатышат. Факультет боюнча ушул багытта иш алып барган Окуу-усулдук Кеңештин төрагасы, доцент К. Сакибаев аталган жолугушуунун мааниси эбегейсиз зор экенин, мындан кийин да медициналык билим берүүдөгү реформалар улана берерин тактап өттү.

Ош МУ, медицина факультети, Окуу-методикалык Кеңеши

4114 13:43 13-10-2016

                 

News

|< >|