News

“Интеграцияланган окуу планы жана модулдук программалар: ишке ашыруунун бүгүнкү абалы, алдыдагы милдет, максаттар” аттуу ачык лекция студенттер үчүн уюштурулду

Ош мамлекеттик университетинин медицина факультетинин “560001-дарылоо иши” адистигинде билим алып жатышкан 1-курстун студенттерине карата факультеттин Окуу-методикалык Кеңеши тарабынан жалпы республикалык “Медициналык билим берүүдөгү реформалар” программасынын алкагында “Интеграцияланган окуу планы жана модулдук программалар: ишке ашыруунун бүгүнкү абалы, алдыдагы милдет, максаттар” тууралуу ачык лекция 23-24 – сентябрь күндөрү уюштурулду.

Өткөрүлгөн лекцияда 2016-2017 – окуу жылынын 1-семестрине тиешелүү “Человек, общество, здоровье” (доц. Сакибаев К.Ш.), “От молекулы к клетке” (доц. Садырова М.), “От клетки к органу” (ст.преп. Турсунбаева А.) модулдары боюнча студенттерге кеңири маалымат берилип, суроо-жооп иретинде интерактивдүү баарлашуу уюштурулду.

Интерактивдүү ачык лекция алкагында студенттер үчүн: модулдук программа боюнча эмнени билем?, “Врач общей практики” деген эмнени түшүндүрөт? Кантип ушул кесипке жетишсе болот, б.а. канткенде кесиптин ээси боло алам? сыяктуу анкеталык үч суроо берилип, алар тарабынан жооптор жазуу түрүндө алынды (доц. Сакибаев К.Ш.).

Негизинен интеграцияланган окуу планынын жалпы мазмуну, максаты, милдети жана аталган пландын негизинде түзүлгөн модулдук программалар тууралуу кеңири маалымат студенттердин назарына салынды. Жаңы программадагы күтүлүүчү натыйжалар, окутуунун траекториясы, компетенттүүлүк мамиле, кредиттик технология жана азыркы учурдагы медициналык билим берүү системасы, жалпы практикалык врач сыяктуу түшүнүктөр боюнча презентациялык материалдардын электрондук топтому студенттердин колуна берилди.

Окутуу процессиндеги компетенттүүлүк мамиле жана күтүлүүчү натыйжа сыяктуу көрсөткүчкөрдү колдонууга мисал катары “Нормалдуу анатомия” предметиндеги “Остеосиндесмология” бөлүгүнөн практикалык көндүмдөр студенттер үчүн демонстрацияланды.

Жыйынтыгында, студенттер тарабынан берилген маалыматтар боюнча ыраазычылык айтылып, кийинки жолугушууда билимдерди баалоонун системасы жана ишке ашыруу учурунда пайда болгон айрым маселелер тууралуу бирдиктүү талкуулоону уюштуруу (окутуучу-студент) маселеси пландаштырылды.

ОшМУ, медицина факультети, Окуу-методикалык Кеңеши

5491 09:35 26-09-2016

                 

News

|< >|