News

Ярмарка

Бүгүн 2016-жылдын 6-апрель күнү Ош мамлекеттик университетинин юридика факультетинин ЮР (б)-1-15 тайпасынын куратору доцент Ж.А.Дехканова студенттери менен биргеликте “Кайрымдуулук - улуу салт” аттуу акция өткөрүштү. Иш чарада студенттер жана куратору өздөрү үйдөн даярдап келген даамдарды жарменкеде сатышып, түшкөн каражатты муктаж жактарга жумшоону максат кылган. Натыйжада 8 миндей каражат топтолуп, жасаган иштерине студенттер ыраазы болушту. Мындай жөрөлгө тайпада алгач өткөн жок, 1-жарым жылдыкта да алар бир нече ирет Оштогу Боорукердик үйүнө мындай жардамдар менен барышкан, б.а. тайпада бул көрүнүш салтка айланган жана тарбиялык мааниси чоң.
4770 15:25 12-04-2016

                 

News

|< >|