17:57 21-01    Кышкы лагерь       14:53 21-01   Отдел по связям с общественностью Посольства США в Кыргызской Республике объявляет о начале приема заявок от издательств, образовательных учреждений и общественных организаций на издание книг американских авторов на кыргызском языке.       14:48 21-01   Конкурс исследовательских грантов       14:47 21-01   Кышкы лагерь       14:00 21-01   Энергетика кафедрасы өндүрүш жетекчилери менен тегерек стол өткөрдү       13:06 21-01   sfdfdsfd sdfdsfsdf sdf       10:16 21-01   ОшМУнун окуу иштери боюнча проректору доцент К.Г. Кожобеков ФТФда семинар өттү       10:08 21-01   Семинар-тренинг өттү       10:00 21-01   ФТФда көз карандысыз аккредитацияга даярдык боюнча семинар болду       15:38 20-01   На базе МНОЦ «Университетская клиника» ОшГУ, прошли лекции ведущих ученых из Италии и Швейцарии - Марии Дель Гранде и Оливии Пагани.     


You are here: Information stand / News / 11-февраль кайрымдуулук күнү - “ОшМУдан оогандык кыргыздарга жардам!”
10:03 09-02-2016 | Press office / News
11-февраль кайрымдуулук күнү - “ОшМУдан оогандык кыргыздарга жардам!”
Тарых жана маданият жылына карата студенттерге Ооган кыргыздарынын тарыхы, географиясы, жашоо-шарттары жөнүндө маалымат берүү, студенттерди мекенчилдикке, гуманизмге тарбиялоо жана Ооган кыргыздарына болгон бир туугандык, боорукердик сезимдерин ойготуу, ОшМУнун жамаатын Ооган кыргыздарына кайдыгер карабоого, аларга достук колун сунуп, колдон келген көмөгүн берүүгө, кайрымдуу болууга үндөө жана Ооган кыргыздарына ОшМУдан гуманитардык экспедиция жөнөтүү максатында “ОшМУдан оогандык кыргыздарга жардам” аттуу кайрымдуулук күнүн уюштуруу белгиленди.

Иш-чараны уюштуруунун 1-күнү 10-февралда уюштурулуп, анда ОшМУнун факультет, институт, коллеж, лицейлеринде ар бир студенттик тайпада кураторлор тарабынан Ооган кыргыздарынын тарыхы, географиясы, жашоо-шарттары жөнүндө маалыматтар берилет. Иш-чараны уюштуруунун 2-күнү 11-февраль күнү саат 14:00дөн 17:00гө чейин ОшМУнун башкы имаратынын алдында “ОшМУдан оогандык кыргыздарга жардам” аттуу кайрымдуулук марафону өткөрүлүп, ага университетибиздин бардык структуралары, ректорат, деканат, директорат, кафедралар, студенттик тайпалары өз салымдарын эл алдында урналарга салышат. Кайрымдуулук иш-чарасында түшкөн каражаттар атайын түзүлгөн эсептөө комиссиясы тарабынан көзөмөлдөнөт. Акция учурунда ОшМУнун таланттарынын концерттик программалары тартууланып, ОшМУнун «Чет элдик кыргыздарды изилдөө борборунун» Ооган кыргыздары жөнүндөгү көргөзмөсү уюштурулат.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын февраль-март айларына пландаштырылган Афганистандагы Улуу жана Кичи Памирде жашаган кыргыздарга жардам көрсөтүү үчүн мамлекеттик экспедиция уюштурулган, экспедициянын курамына ОшМУнун «Чет элдик кыргыздарды изилдөө борборунан» эки окутуучу Сабыр Арстанов, Расул Авазбековдор да кошулган.

Автор: Нуралиева Зинагул      Viewed: 1561
               

Факультеты



© 2014 OSH STATE UNIVERSITY © Программное обеспечение ОшГУ "Медиа Центр
Кыргызстан, 723500, г. Ош, ул. Ленина, 331, ОшГУ Главный корпус
Общий отдел: +996 3222 2-22-73, факс +996 3222 2-40-66, oshsu.oms@gmail.com
Приемная комиссия: +996 3222 2-45-25, oshsu.oms@gmail.com