News

“ОшМУда Кыш – 2016” маданий-спорттук иш чара өткөрүлдү

Ош мамлекеттик университетинин ректораты жана профсоюз комитети тарабынан уюштурулган “ОшМУда Кыш – 2016” маданий-спорттук иш чара “Чыйырчык” лыжа базасында ушул жылдын 6-февралында өткөрүлдү. Уюштуруучулар университеттин окутуучу-профессордук жамааты, көмөкчү жана техникалык персонал кызметкерлери, ошондой эле студенттери үчүн 33 микроавтобус жалдап, бекер тамак-аш берип, жалпысынан 800дөн ашуун адамдын эс алып келишине шар түзүштү.

Бул саамалык жыл сайын өткөрүлүп келаткандыгы жамаат ичинде патриоттук духту, ынтымакты, биримдикти чыңдоого өбөлгө түзүп, чоң позитив жаратып келет. Эс алгандар “Бийиктикти багындыруу”, “Кар менен бута атуу”, “Кардан эң чоң аяз ата жасоо” конкурстарына зор кызыгуу менен катышып, жеңүүчүлөр ОшМУнун ректору тарабынан дипломдорго, ал эми профсоюз комитети тарабынан акчалай сыйлыктарга ээ болушту.

Эс алуучулар чыгармачыл топтордун концертин көрүшүп, өздөрү аралашып ырдашып, кийинки жылы кайра келүүнү аруу тилек кылышып, апакай кар жамынган бийик тоолордун боорунда “ОшМУ” деген жазууларды калтырышып кайтышты.

5696 10:43 08-02-2016

                 

News

|< >|