News

ОшМУ Юридика факультети

ОшМУ нун Юридика факультети Ош областтык жана Ош шаардык Юстиция башкармалыгы менен биргеликте юридика факультетинин жалпы студенттери үчүн укуктук-лекция уюштурду.Ага факультеттин окутуучулары менен бирге Ош областтык жана Ош шаардык юстиция башкармалыгынын өкүлдөрү катышты. Башкармалыктын башкы адиси Сыдыков Орозбек Кадырбекович жана адис Али уулу Бекбол аттуу кызматкерлер келип, Мамлекеттик Реестр боюнча кенен түшүнүк беришти.Укуктук-лекция студенттер тарабынан берилген суроолор менен коштолуп, кызуу талкууну жаратты. Факультеттин жетекчилиги тарабынан конокторго ыраазычылык билдирилип, мындай жолугушуулар байма-бай өтүп тураары макулдашылды.
6066 16:29 04-02-2016

                 

News

|< >|