Сынактын шарттары:
-Сынакка ОшМУнун бардык академиялык тайпалары катыша алат жана каалоочулар сынакка катышуу ниеттери бардыгын декандын орун басарына билдирүүлөрү зарыл.
-Сынакка катышууну каалаган тайпанын ар бир студенти дүйнөлүк же кыргыз жазуучуларынын бирден көркөм адабий чыгармасын (роман, повесть, аңгеме ) кунт коюп окуп чыгуусу зарыл (тайпанын ар бир студенти ар башка чыгарма окуусу шарт);
-Тайпа 15-майга чейин факультеттик деңгээлде адабиятчылардын катышуусунда “Мен сүйгөн чыгарма” аттуу адабий талкуу өткөзүп, анда тайпанын ар бир студенти өзү окуган чыгарманын мазмуну, темасы, идеясы жана чыгармадан алган таасирлери жөнүндө кыскача айтып берүүлөрү керек;
-Ар бир факультет, институт, коллеж бирден жеңүүчү тайпаны 2-турга - университеттик деңгээлдеги сынакка сунушташат. Экинчи тур 20-май күнү “ОшМУда китеп түнү” аттуу иш-чаранын алкагында өткөрүлүп, жеңүүчүлөр аныкталат.
Жеңүүчүлөргө төмөндөгүдөй сыйлыктар ыйгарылат:
-1-орунга ээ болгон тайпага жана кураторуна Сары-Челек коругуна автоунаа уюштурулат;
-2-орунду жеңген тайпага жана кураторуна “Арстанбап” пансионатына жолдомо;
-3-орундагы тайпага жана кураторуна Кара-Шоро жайлоосуна автоунаа уюштурулат;
-Орунга ээ болбой калган тайпалар үчүн ОшМУнун “Ак-Буура” эс алуу жайына жолдомолор берилет.