Ачылуу аземинде Билим берүү жана илим министри Гулмира Кудайбердиева Ош мамлекеттик университетинин жамаатына ыраазычык сөзүн жолдоп, учурда мамлекет тереңдетип билим берүүгө ыңгайлашкан мектептерге муктаж экендигин, бул демилге колдоого аларлык демилге экендигин айтты. “Ош мамлекеттик университети дайыма алдыга умтулуп, заман талабы менен өзгөрүүлөрдү жасап жаткан окуу жай.
Университет өзүнүн ички булактарынан жана инвестициялардан акыркы 3 жыл аралыгында 12 окуу корпусун, жатаканаларды куруп, инновациялык иш аракеттерди көрсөтүп Кыргызстандагы башка ЖОЖдого үлгү боло турган иштерди жасап жатат. Аймактардагы билим берүүнү көтөрүү багытындагы жасап жаткан иштери да өлкө аймагына үлгү болушу керек. Бүгүн сиздер билим берүүгө инвестиция жасап жатасыздар, келечекте бул аракетиңиздер билимдүү, сапаттуу кадрлар аркылуу акталат деп ишенебиз”,-деди министр Г.Кудайбердиева.
150 орунга ылайыкташкан гимназияга учурда атайын сынактын негизинде 60ка жакын окуучу кабыл алынган. Гимназияда кыргыз тили менен биргеликте чет мамлекеттердеги жогорку окуу жайларда окуу мүмкүнчүлүгүн түзүү үчүн тилдер багытында орус, англис, кытай, түрк тилдери окутулат. Ал эми медициналык окуу жайларга окуу үчүн химия, биология тереңднтилип окутулуп, жалпы республикалык тестирлөөгө даярдоо иштери жүрөт. Ошондой эле "Улуттук тарбия жана заманбап билим" концепциясын калыптандыруу үчүн комуз, тигүүчүлүк, спорттук ийримдер (улуттук жана жалпы), IT (маалыматтык технологиялар) багытындагы ийримдер окутулат.
Ал эми алыскы айылдардан келип билим алган окуучулар үчүн жатакана бөлмөлөрү түзүлгөн.