Жанылыктар

ОшМУда мамлекеттик тил майрамы белгиленди

23-сентябрь –Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил күнүнө жана улуу жазуучу Ч.Айтматовдун 90 жылдык маарекесине карата Ош мамлекеттик университетинде 21-сентябрь күнү чоң программадагы «Айтматов жана тил» деген аталыштагы салтанат уюштурулду. Кечеде алгач Ч. Айтматовдун тил жөнүндөгү улуу ойлору айтылып, кыргыз тилинин Гимни ырдалып, кыргыздын улуттук бийи бийленип, кеченин катышуучуларынын ар биринин акыл –эсине сиңип, жүрөгүнөн түнөк тапкан кыргыз тилинин кадыр-баркын даңазалаган керемет ырлар, сахналык көрүнүштөр, көркөм окуулар менен коштолду, чет элдик студенттердин кыргыз ырларын, кыргыз бийлеринин аткарышы, комуз күүлөрү көрүүчүлөрдүн алкышына арзыды.

Салтанаттын жүрүшүндө кыргыз тилинин өнүгүшүнө салым кошкон окутуучуларга, кечеге активдүү катышкан студенттерге ОшМУнун Ардак грамоталары жана сыйлыктары тапшырылды.

Белгилей кетсек, сентябрь айынынын башында ОшМУда мамлекеттик тилдин үч айлыгы жарыяланган. Жобого ылайык буга чейин I бөлүгүндө бардык факультет, колледж, лицейлеринде атайын иш чаралар өткөрүлүп, жыйынтыгында мыкты сахналык көрүнүш, мыкты окулган ыр, обондуу аткарылган чыгарма, музыкалык аспапта ойнолгон күү, мыкты улуттук бийлер тандалып алынган жана алар аталган кечеде тартууланды. Кече ОшМУнун мамлекеттик тил боюнча проректору, мамлекеттик тил борбору жана мамлекеттик тил кафедрасынын окутуучулары тарабынан уюштурулду.

3843 11:16 23-09-2018

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|