Жанылыктар

Искусство факультетинде окуу-өндүрүштүк база ачылды

Жаңы окуу жылынын алгачкы күндөрү Ош мамлекеттик университети таланттуу жаштарды тарбиялоочу Искусство факультетин пайдаланууга берди. Жаңы окуу имараты заманбап шарттар менен курулуп, анда студенттер сапаттуу билим алууга бардык мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн.

Искусство факультетинде билим алып жаткан студенттердин мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип, университет 20 заманбат үлгүдөгү түгүү машиналар менен камсыздалган окуу-өндүрүштүк база ачты. Учурда тигүү цехинде дизайн, стилист, костюмер сыяктуу кесипте окуп жаткан студенттер окуу менен практиканы айкалыштырып жатышат. Жакынкы аралыкта университет тарабынан дагы бир түгүү цехин ачуу пландалып жатат. Бул жерден таланттуу окутуучулар, студенттер буйуртмаларды алып иштегенге, түрдүү эл аралык сынактарга мыкты даярдыктар менен катышууга мүмкүнчүлүктөр түзүлөт.

“Дизайн, стилист, костюмер сыяктуу кесипте билим алып жаткан студенттерибиз абдан таланттуу. Бул таланттарды ачуу, андан ары өнүктүрүү үчүн университет бардык шарттарды түзүп жатат. Бул жерден студенттерибиз билимин тереңдетип, практика жүзүндө тигүүнүн сырларынын, технологиясын үйрөнүшүп, эксперименттерди жасап жатышат. Бул мүмкүнчүлүктөр студенттердин чыгармачылыгы менен билимин тереңдеткенге мүмкүнчүлүк берип жатат”, -деди сүрөт чийүү жана эмгек кафедрасынын ага окутуучусу Кимия Төрөгелдиева.

Учурда ОшМУ бир гана билим бербестен кесип ээлерин өндүрүшкө да даярдап жатат. Университетте былтыркы окуу жылында эмерек жасоочу цех ишке берилип, окуу корпустары, жатаканалар үчүн сапаттуу эмеректер жасалып колдонууга берилип келсе, университеттин медицина, эл аралык медицина факультетинде билим алып жаткан студенттер үчүн Медициналык клиника, стоматологиялык клиникалар ачылып, окуу менен практиканы толук кандуу айкалыштырууга шарттар жаралган.

2076 10:20 19-09-2018

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|