Конференциянын катышуучуларынын маалыматында аталган конференцияга Түштүк Кореянын Халым университетинен доктор Шин Дон Ким, Истанбул Сехир университетинен Пеями Челикжан, Түштүк Казакстан мамлекеттик университетинен Асма Калыбекова, Милан университетинен (Италия) Нелло Бариле, жазуучу, драматург , «Кыргыз эл жазуучусу» Мар Байжиев, Кыргыз-Турк "Манас" университетинен Гүлзада Станалиева сыяктуу белгилүү окумуштуулар катышышкан. Аталган конференция эки күнгө уланып, анда кызыктуу баяндамалар талкууга алынган.
Конференциянын катышуучулары 2-3-сентябрь күндөрү Ысык-Көлдөгү III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышуу мүмкүнчүлүгө да ээ болушкандыгын кошумчалады.
Белгилей кетсек, журналистика кафедрасынын окутуучулары З. Маматжанова жана М.Мамырова ушул эле жылдын 4-июлунан 6-июлуна чейин Бишкек шаарында Казакстан, Өзбекстан, Таджикистан, Туркменистан жана Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын окутуучулары катышкан Борбордук Азия боюнча биринчи жолу уюштурулган Медиасабаттуулук эдьютонуна катышып, тажрыйба алмашып келишкен.