Жанылыктар

Кыргыз Республикасынын экс-президенти Роза Отунбаева ОшМУда жүзөгө ашып жаткан инновациялык иш аракеттер менен таанышты

Бүгүн, 10-сентябрь күнү Кыргыз Республикасынын экс-президенти, “Роза Отунбаевнын демилгеси” Эл аралык коомдук фондунун жетекчиси Роза Отунбаева Ош мамлекеттик университетине иш сапары келди. Иш сапардын алкагында ОшМУнун ардактуу профессору катары окуу жайдын окутуучулук-профессордук курамы жана студенттери менен жолугушту.

Жолугушууда билим берүү тармагындагы акыркы маалыматтар, илим, техника, инновация жаатындагы жаңылыктар, дүйнөдөгү заманбап көрүнүштөр тууралуу кызыктуу лекция окуду. Ошондой эле окутуучуларды, студенттерди кызыктырган суроолорго жооп берди жана Кыргызстандын 2 жолку Улуттук Чемпиондору болгон ОшМУнун “Енактус” командасы менен кездешти.

Жолугушуудан соң университеттеги акыркы жылдары активдүү жүзөгө ашып жаткан инновациялык иш аракеттер менен таанышты. Алардын катарында жаңы окуу жылында пайдаланууга берилген Искусство факультети жана 2017-жылы пайдаланууга берилген Кыргыз-Кытай факультетинде болуп, окуу имараттарында заманбап билим алууга түзүлгөн шарттар менен таанышып, окутуучулар, студенттер менен баарлашты, ошондой эле окуу жайдын жүргүзүп жаткан иш аракеттерине жогорку баасын берди.

Белгилей кетсек, Ош мамлекеттик университети акыркы 3 жыл аралыгында он эки окуу имаратын куруп пайдаланууга берген. Экс-Президент таанышкан Искусство факультетинин уникалдуулугу корпустун сыртына 38 метрге жеткен кыргыздын улуттук аспабы комуздун элеси орнотулгандыгында. Комуз түнкүсүн жарык берип, тыныгуу мезгилинде комуз күүсү жаңырып турат. Окуу имаратында тигүү цехтери, көргөзмө залдары, окуу залдары, жекече сабактарды, вокал, эстрада, музыкалык түрдүү форматтагы сабактарды, иш аракеттерди өткөрүүгө ылайыкташкан окуу кааналары бар. Аталган имарат ушул жылдын 9-сентябрында өлкө башчысынын катышуусунда ачылган болчу.

2362 15:40 10-09-2018

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|