Сөз тизгини ректордо

Келечегиме жол ачкан, адам болууга үндөгөн менин агайым

Ар дайым студенттер менен жолугушканда “Мен чыгармачыл, жүрөгүндө эрки, көзүндө оту, оозунда сөзү бар жаштарды жакшы көрөм жана жанашып жүрүп аларды өстүрүүгө кеп-кеңештеримди аябайм” – деп көп айтар эле. Бул сөздөн улам менин ким жөнүндө сөз кыларымды дароо эле тапсаңыз керек, урматтуу окурманым. Ооба, туура таптыңыз, ошол сиз ойлогон инсан жөнүндө жүрөгүмдү өйүп жүргөн айрым сезимдер менен сизди ортоктош болууга чакырамын.

Эмнегедир азыр да ОГПИге барсам кабинетинен чыгып калчудай болуп, үйрөнгөн адат боюнча коридордун бир тарабында басам. Менин сүйүктүү агайым Каныбек Абдуваситовичтин ОшМУга которулуп кеткенине бир топ жыл болуп калса да, баары бир алдымдан чыгып калчудай боло берет.

Албетте, бул айткандарым бийлик деп ректорлугуна кошамат кылганым эмес, жөн гана карапайым кыргыздын уулу, биринчи жолу сезимимде калган кадырман мугалимим катарында адамдык касиетин сыйлагандыгым. Сөзүм далилдүү болуш үчүн, жаркын келечекке карай жол көрсөткөн, жакшы пикирди жараткан учурду айтайын. Ал мезгил менин өмүр бою жүрөгүмдүн түпкүрүндө сакталат.

2009-жылдын 6-августтунда үйдөгүлөр окутпайм дегенине болбой Ош шаарына качып келдим. Анан ордолуу Оштун куту, ооматтуу билим журту болгон ОГПИде окууну чечип, документтеримди тапшырдым. 7-август күнү сынактын жыйынтыгын көргөнү келсем, окууга өтпөй калыптырмын, үйдөн качып келгем, эми кайра үйгө кантип барам же Россияга жумуш издеп кетсемби деп ар нерсени ойлонуп, акыры өзүмдүн тапшырган тесттеримди бир көрөйүнчү, менимче, оңой эле суроолор келди эле го, эмнеге жыгылдым экен, эмнеси болсо да барып көрөйүн деп апелляцияга арыз жазып, кабыл алуу комисиясына кайрылдым. Кабыл алуу комисиясы: “Мүмкүн өзүң өтпөй калгансың, сен туура белгилесең биз кантип өткөрбөйлү”-деп жатканда, ары жактан шашпай басып бир чоң киши келип эмне болуп жатат деп иштин чоо-жайын сурап калды. Бул ким болду экен деп турдум. Көрсө ал Каныбек Исаков экен. Анан агайга үй-бүлөбүз жөнүндө айтып бердим, “Биз үй-бүлөдө он бир бир тууганбыз, мен эң кичинесимин. Менден чоң агаларым, эжелерим баары орто билимдүү. Атам мугалим болсо да эмнегедир бизиди окуткан эмес. Мен да турмуш шарттын айынан окууга тапшыра албай калып, кийин качып келе бердим” – десем Каныбек агай күлүп, “Азыр сага суроо берем, жооп берсең окууга аламын, кичине чымының бар кыз окшойсуң”, – деди. Ал мезгилде ЖТРга каалоочулар тапшырып, ал эми окуу жай өзүнөн тест алчу эле. Сүйүнгөнүмдөн көзүмдөн жаш тегеренип кетти. Агайдын күтүүсүздөн эле суроо берем, жооп берсең окууга өтөсүн деген сөзүнө бир аз толкунданып да кеттим. Ошентип, суроолорунун барына жооп бердим, агай күлүп, “Жакшы. окууга өттүң, сентябрдан келе бер, айтаарым сага, мойнунан байлаган ит ууга жарабайт, туулган адам жаман эмес, турмуштан ордун таппаган адам жаман. Ушунча качып келип окууга тапшырыпсың, эми адам бол! Жыйынтыгы жок эле айылда жүргөндөн көрө деп келген болсоң адашасың, эл катары окууга келип кете бере турган болсоң анда окубай эле кой”,-деди. Мен “жок, агай, окуймун”-деп ыйлап жибердим. Ошол күнү биринчи жолу Каныбек агай менен жолугушканмын жана сынак менен эмес, агайдын суроолоруна жооп берип, окууга өткөнмүн.

Агай студенттер менен жолугушканда ар дайым дарегине жакшы пикирлер айтылаар эле. Ошондо агай тамашалап “рахмат, жакшы сөз бардык адамга жагат, бир мезгилде менин жардамым, көмөгүм тийген студент достордон бир нерсе суранаарым, мага ыраазычылык кылуунун бир жолу бар”-деген эле, ошондо баарыбыз тыңшап калганыбызда: “Мен аркы дүйнөдө бейиштин көпөрөсүнөн өтүп кетип жатканда, аа бечара, жакшы агай эле, мени өткөргөн агай эле деп кол чаап турсаңар болду”-деп тамашалап айтар эле.

Чынында, Каныбек агай Асан кайгыга окшоп бардык нерсеге чын көңүлдөн мамиле жасайт, ошондо Каныбек агайдн башка ректорлор болгондо кандай болор эле ким билет?.. Андан бери көп убакы өттү. Азыр мен да мектепте мугалим болуп иштейм, менин да сүйүктүү окуучуларым бар, үй-бүлөлүүмүн, үч уул, бир кыздын апасымын. Агайдын ошондогу айткандарын тумардай жүрөгүмө сактап жүрөм. Бош убактымды көбүрөөк изденүүгө, окуучуларымдын сүймөнчүлүгүнө ээ болгонго, кесиптештеримдин арасында өз кадырымды сактоого, ата-энмди жана устаттарымды кубантууга болгон күч-аракетимди жумшап жатамын.

Эгер окууга өтпөй калганымда билбейм, азыр кайсыл жерде эмне менен алек болор элем... Себеби турмуштун оош-кыйыштарынан көңүлүм чөгүп жүргөн кез болчу. Окууга өткөндөн кийин кайра Чаткалга барбай сентябрга чейин шаарда жүрдүм. Окуу жылы аяктап, сессия башталган учурда “июнь окуясы” башталып кетти. Биз жатаканада калып калдык. Ошол күндөрү да Каныбек агайдын чыныгы атанын уулу экенине күбө болуп, бир жагынан сыймыктанып да жаттым. Ала-Букадан Ош шаарына гаманитардык жардам алып келген камаз менен көп студент кыздарга кошулуп жөнөп кеттим. А агайлар жатаканда калышкан.

Айылга баргандан кийин атама бир жылдык отчет бердим. Атам баарын уккандан кийин: “Качып барган сени окууга алган Каныбек Исаков кандай адам экен деп жүрсөм, көрсө ал чыныгы мугалим турбайбы. Андай жигиттер “Эл мугалими” деген наамга да татыктуу”,-деп айтты. Ошол агайың менен бир кол алышып жолугушсам деген тилеги ишке ашпай, атам кокусунан каза болуп калды... Мен эмес атам да Каныбек агайга ыраазы болгон.

Ч. Айтматовдун “Биринчи мугалим” чыгармасындагы Алтынай сезиминде Дүйшөн кандай мугалими катары сакталса, Каныбек Исаков да менин өмүрүмдө алгач адам болууга үндөгөн, билимдүү адамдын келечеги жаркын болорун айткан, тикенектүү жерден гүл тапкан, кумдуу жерден суу тапкан, адабияттын алпы, кара сөздүн устаты, жакшы иштердин тарапкери, жаштардын саяпкери катары кала бермекчи.

Бир мезгилдеги студентиңиз Нургул Тайыр кызы

Кут билим гезити, 17-июль, 2018-жыл №25-26(10772)

7306 17:11 21-07-2018

                 

Сөз тизгини ректордо

|< 1 2 3 4 >|