Жанылыктар

ОшМУнун делегациясы Кадис университети уюштурган эл аралык жумалыкка катыштып келди

Ош мамлекеттик университетинин өнүктүрүү жана эл аралык байланыштар боюнча проректору Абдыганы Абдувалиев жетектеген делегация июнь айында Испаниянын Кадис университетине барып, Эразмус+ программасынын алкагында уюштурган эл аралык жумалыкка катышып келишти.

Аталган делегациянын курамында Кадис университетинде Кыргыз-Европа факультетинин деканы Мараш-Оглы Шукри Вазирович, кафедра башчы Марат Татенов, мамлекеттик тил кафедрасынын башчысы Фарида Алиева, Дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин окутуучулары Зарипа Сагындыкова жана Акбермет Козубаевалар да болуп келишти.

Эл аралык жумалыктын алкагында ОшМУдан барган өкүлдөр Кадис университетинин эл аралык байланыштар борборунун директору Хуан Карлос Гарсия Галиндо менен жолугушуп, кызматташууну күчөтүү боюнча жемиштүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү. Сүйлөшүүлөдүн алкагында үстүбүздөгү жылдын октябрь-ноябрь айларында Гарсия Галиндо мырза Ош МУга келип, испан тили жана маданияты борборунун ишмердүүлүгү менен таанышып кете тургандыгы макулдашылды.

Аталган жумалыкта Ош МУнун окутуучулары Италия, Молдова, Грузия сыяктуу өлкөлөрдөн келген өкүлдөрү менен таанышып, мындан аркы кызматташуу пландарын талкуулашты.

Белгилей кетсек, ОшМУнун 4 студенти Эразмус+ программасынын негизинде 2017-2018-окуу жылынын жазгы семестрин Кадис университетинде окуп келишти.

2936 06:34 08-07-2018

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|