2017-2018-окуу жылында Ош мамлекеттик университетинин магистратура жана PhD докторантура бөлүмүн 26 магистрдик багыт боюнча 390 бүтүрүүчү ийгиликтүү аякташты.
Магистранттардын бүтүрүү кечеси 25-июнда ОшМУнун чоң жыйындар залында өткөрүлдү. Бүтүрүү салтанатында университеттин окуу иштери боюнча проректору Расул Абазбек уулу жалпы магистранттарды куттуктап, илим жолунда талыкпай эмгектенип, ийгиликтерди багындырууларын каалады жана окууну ийгиликтүү аяктап жаткан 96 магистрантка артыкчылык дипломун тастыктаган сертификаттарды тапшырды.
Белгилей кетсек, магистратурада жогорку окуу жайды жаңы гана бүтүргөн бүтүрүүчүлөрдөн тартып улуу муундагы агай- эжекелер да билим алууда. Алардын ичинде мектеп мугалимдери жана директорлору, колледждердин, орто жана жогорку окуу жайларынын окутуучулары, банк кызматкерлери да бар.