Жанылыктар

ЖАШ ОКУМУШТУУЛАРДЫН ЖАЙКЫ МЕКТЕБИНИН ТРЕНИНГ-СЕМИНАРЫ ӨТКӨРҮЛДҮ

ОшМУнун Илим жана аспирантура бөлүмү тарабынан 2018-жылдын 21-23-июнунда Жаш окумуштуулардын жайкы мектебинин “Илимий изилдөө иштеринин методологиясы” деген темадагы тренинг-семинары өткөрүлдү.

Бул иш-чарада Илим жана аспирантура бөлүмүнүн башчысы, доцент Г.М. Анарбаева, профессор Ч.Р. Кулуева, Эл аралык Ала-Тоо университетинин экономика кафедрасынын башчысы, доцент Н.Б. Алымкулова, Илим жана аспирантура бөлүмүнүн башкы инспектору М. Сүйүтбековалар тарабынан илимий изилдөө иш-аракеттерин уюштуруунун негизги эреже-талаптары, илимий эмгектерди даярдоо жана басылмаларга жарыкка чыгаруу, “Web of science”, “Skopus” системаларына катталуу жана макалаларды жарыкка чыгаруу, диссертацияны жазуу жана аны коргоого сунуштоо ж.б. маселелер боюнча баяндамалар жасалып, тренингдер өткөрүлдү.

Аспиранттар жана изденүүчүлөр бардык суроолоруна кеңири жоопторду алышты.

Эскерте кетсек, Жаш окумуштуулардын жайкы мектебинин тренинг-семинарлары жыл сайын салттуу иш-чара катарында өткөрүлүп келет жана илимдин талапкерлери үчүн абдан натыйжалуу экендигин белгилөөгө болот.

2964 11:56 27-06-2018

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|