Жанылыктар

Ош мамлекеттик университети эл аралык НААР агенттигинен институционалдык аккредитациядан ийгиликтүү өттү

Ушул жылдын 4-6-июнь күндөрү Казакстандын НААР агенттиги эл аралык билим берүүнүн критерийлери боюнча ОшМУнун ишмердүүлүгүн анализге алып, талдап, университеттин билим берүү сапатындагы күчтүү тараптарын белгилөө менен эл аралык эксперттердин баасы аркылуу ушундай бүтүмгө келди. Ошондой эле эл аралык эксперттер ОшМУнун бүтүрүүчүлөрүнүн ишке жайгашуусу, жумуш берүүчүлөр, студенттер, окутуучулар, кафедра башчылары, декандар, проректорлор, ректор менен аңгемелешүүлөрдү, суроо-жоопторду өткөрүштү.

Ош мамлекеттик университетинин изденип, инфраструктурасын түзүп, билим берүү сапатынын, илимий потенциалын жогорулатып жаткандыгына баа беришти.

Жыйынтыгында Ош мамлекеттик университетине 5 жылдык мөөнөттө билим берүүдө ишмердүүлүгүн жүргүзүү үчүн сертификат тапшырды. Ошондой эле “Кытай таануу” адистиги да НААР агенттигинен 5 жылдык мөөнөттө аккредитациядан өттү.

4311 10:16 19-06-2018

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|