Жанылыктар

ОшМУда эгиз китептердин бет ачары болуп өттү

Жаш акындар Доранбек уулу Акжолдун «Күтүүнүн аягы» жана Зарылбек уулу Адилеттин “Кереге өмүр” деген аталыштагы китептеринин бет ачары 31-май күнү Ош мамлекеттик университетинин Искусство факультетинин концерттик залында болуп өттү. Китепте эки акындын ар түрдүү темаларды камтыган 60 ка жакын чыгармалары камтылган.

Чыгармачылык кечеде Ош облустук Жазуучулар союзунун төрагасы Ж.Турабаев баштаган Ош шаарындагы акын-жазуучулар, окутуучулар, студенттер катышып, жаш акындардын чыгармачылыгына ийгиликтерди каалашты.

Ошондой эле кечеде “Жигер” чыгармачыл жаштар борборунун таланттуу студенттери тарабынан жаш акындардын ырларынан үзүндүлөр көркөм окулуп, сахналык көрүнүштөр, обондуу ырлар көрүүчүлөргө тартууланды.

Белгилей кетсек, Зарылбек уулу Адилеттин жана Доранбек уулу Акжолдун эгиз китебинин бет ачар аземи 21-майда Бишкек шаарындагы А.Осмонов атындагы Кыргыз Улуттук китепканасында болуп өткөн.

4135 04:50 01-06-2018

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|