Ушул жылдын 21-24-май күндөрү Москва шаарында Россия Табият таануу академиясында «Актуальные вопросы науки и образования» аттуу эл аралык илимий конференция болуп өттү. Конференцияга Ош мамлекеттик университетинен философия илимдеринин доктору, профессор Эркайым Шарипова катышып келди.
Конференциянын жүрүшүндө «Международные системы аттестации научно-педагогических кадров» аттуу конференция жана илимий-методикалык эмгектердин ХХХVII эл аралык көргөзмөсү уюштурулду.
Жыйынтыгында профессор Эркайым Шарипова Россия Табият таануу академиясынын, Эл аралык окумуштуулар ассоциациясынын «Философия» багыты боюнча мүчѳ-корреспонденти болуп шайланды. Ошондой эле "Илимдин жана билим берүүнүн эмгек сиңирген ишмери" ардактуу наамы жана «PRIMUS INTER PARES» - «Первый среди равных» ордени ыйгарылды.