Жанылыктар

Ош МУда БУУнун өкүлдөрүнүн каьышуусунда жыйын уюштурулду

Кечээ, 18-май күнү Ош мамлекеттик университетине Бириккен Улуттар Уюмунун адамдын укуктары боюнча генералдык катчысынын жардамчысы Эндрю Гилмор, БУУнун адамдын укуктары боюнча жогорку комиссардык башкармалыгынын аймактык өкүлү Ришард Комеда, БУУнун адамдын укуктары боюнча жогорку комиссардык башкармалыгынын кеңешчиси Александр Жирард иш сапары менен келишти.

Делегация алгач ОшМУнун өнүктүрүү жана эл аралык байланыштар боюнча проректор Абдыганы Абдувалиев менен жолугушуп, андан сон университет тарабынан уюштурулган жыйынга катышышты.

Жыйынга университеттин Юридика, Эл аралык мамилелер, Дүйнөлүк тилдер факультеттеринин студенттери жана окутуучулар катышыштып, анда адам укуктарынын негиздери, принциптери, жоболору, милдеттери жөнүндө сөз болду. Ошондой эле Бириккен Улуттар Уюмунун адамдын укуктары боюнча генералдык катчысынын жардамчысы Эндрю Гилмор адамдын эл аралык укуктарынын таламдары жана социалдык, экономикалык маселелери боюнча баяндама жасады. Жыйында катышуучулар теманын алкагында суроолоруна жооп алышты.

2642 13:33 19-05-2018

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|