Жанылыктар

Медицина багытында эл аралык илимий-практикалык конференция өтүп жатат

«Аймактарды өнүктүрүү жылына» карата Ош мамлекеттик университети менен Андижан мамлекеттик медициналык институту биргеликте уюштурган “Фергана өрөөнүндөгү жана Тянь-Шань, Памир аймактарындагы климатогеографиялык шарттын өзгөрүүсүндөгү эпидемиология, потогенез жана саногенез ооруларынын абалы” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция бүгүн 15-май күнү ОшМУда башталды.

Конференцияны ОшМУнун окуу иштери боюнча проректору с.и.к. доцент Расул Абазбек уулу ачып, учурдагы негизги көйгөйлөрдүн алдын-алуу максатында уюштурулуп жаткан конференциянын маанилүү экендигин белгилеп, конференциянын ишине ийгилик каалады.

Эл аралык деңгээлде уюштурулуп жаткан конференцияга алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдөн коноктор келип катышышты. Алар Россия Илимдер Академиясынын академиги, м.и.д., профессор Анатолий Ефремов, АнММИнин дарыгерлер факультетинин деканы, м.и.д., профессор Хотам Турсунов, Индиядан профессор Жайарагхурам, Япониядан профессор Цутому Хиранасан жана КРдин Саламаттыкты сактоо министрлигинин илимий кеңешинин төрагасы, Кыргыз мамлекеттик медициналык академиянын мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректору, м.и.д., профессор Кеңешбек Ырысов жана башка окумуштуулар болушту.

Пленардык жыйында доклаттар жасалып, Фергана өрөөнүндөгү жана Тянь-Шань, Памир аймактарындагы климатогеографиялык шарттын өзгөрүүсүндөгү эпидемиология, потогенез жана саногенез ооруларынын абалы боюнча кеңири талкуулар жүрдү.

Конференциянын иши секцияларда улантылды, күндүн экинчи жарымында коноктор ОшМУнун медициналык факультетинин жана эл аралык медициналык факультеттеринин базалары, Медициналык клиникалары, виртуалдык клиникалары менен жеринен таанышышты.

Кошумчалай кетсек, аталган конференция 2 күнгө созулат.

3089 23:58 15-05-2018

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|