Жанылыктар

ОшМУда Орто кылымдын белгилүү Ислам аалымы Али бин Осмон аль-Ошийге арналган эл аралык илимий практикалык конференция болуп өттү

Ош мамлекеттик университетинин теология факультети менен Түрк кызматташтык жана координация агенттиги (ТИКА) биргеликте 10-11- май күндөрү Орто кылымдын белгилүү Ислам аалымы Али бин Осмон аль-Ошийге арналган эл аралык илимий практикалык конференция өткөрдү.

Конференцияга Түркиядан 25, Өзбекстандан 3 ошондой эле Кыргызстандын башка университеттеринен профессорлор катышып, аалым тууралуу баяндамаларды жасашты.

Али бин Осмон бин Мухаммед бин Сулайман Аби Мухаммед Сиражуддин аль-Таймия аль-Фарганий аль-Ханафий аль-Оший аль-Шахидий болуп, качан туулгандыгы жана өмүр баяны туурасында так маалымат жок. Али бин Осмон Ошийдин кошумча ысмы «Абу Мухаммед» болуп, өзүнүн замандаш аалымдары арасында «Сиражуддин» деген лакабы менен таанылган. Али бин Осмон аль-Ошинин жазган чыгармаларынан кээ бирлери гана биздин заманга чейин жеткен. Анын биздин заманга чейин жеткен чыгармалары төмөнкүлөр:

1. Бадул амали касидасы (Касидатул ламия);

2. Гурарул ахбар ва дурарул аш-ар;

3. Машарикул анвар фи шархи нисабул ахбар ли тазкиратил ахйар;

4. Фатаваи сиражия;

5. Шарху манзумату Умар ан-Насафий фил хилаф.

Белгилей кетсек, Оший өз мезгилинин улуу аалымы катары таанылган жана анын эмгектери диний мекемелерде илимий китеп катары бүгүнкү күнгө чейин окутулуп келүүдө.

3777 17:56 12-05-2018

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|