Жанылыктар

ОшМУда III Бекбоевдик жана Х Назаровдук окууларга арналган эл аралык илимий-практикалык конференция уюштурулду

Ош мамлекеттик университетинде 11-май күнү III Бекбоевдик жана Х Назаровдук окууларга арналган «Кыргыз Республикасында жалпы орто жана кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик стандарттарын ишке ашыруу жана практикада колдонуунун актуалдуу маселелери” аталышындагы эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү.

Конференцияда п.и.д., КРнын УИАнын мүчө-корр., КРнын Эл мугалими, проф И.Бекбоев жана проф. М.Назаров жөнүндө видеофильмдер жана слайддар көрсөтүлдү. Эл аралык илимий-практикалык конференцияда сөз сүйлөгөн ОшМУнун ректору, профессор Каныбек Исаков Кыргыз Республикасында жалпы орто жана кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик стандарттарын ишке ашыруу жана практикада колдонуунун актуалдуу маселелерине арналып өткөрүлүп жаткан конференция учурдун негизги талабы экендигин белгилеп, конференциянын ишине ийгилик каалады.

Пленардык жыйында п.и.д., профессор К.М. Төрөгелдиева “Исак Бекбоевдин илимий эмгектеринин педагогика илиминдеги орду жана келечеги”, п.и.к., доцент А. Дж. Аттокурова “Исак Бекбоевдин жана Мадамин Назаровдун математика мугалиминин сапаттары жөнүндө көз караштары”, ф.-м. и. д. КРдин УИАнын мүчө-корреспонденти П.С. Панков, ф.-м. и. к., доцент Ж.К. Жээнтаева “Методика экспериментального исследования асимптотики решений операторных уравнений с запаздыванием”, п.и.д., профессор Ш. Алиев, У. Эсенгулов “Кредит технология шартында толук үзгүлтүксүз математикалык билим берүүнүн концептуалдык негиздери”, п.и.д., профессор Е.Е. Син “Новые школьные стандарты – новое математическое содержание” деген темаларды баяндамаларды жасашты. Баяндамалар боюнча талкуулар жүрүп, актуалдуу маселелер ортого салынды.

Конференциянын кийинки бөлүгү “ЖОЖдордогу орто кесиптик билим берүү системасында компотенттүүлүк мамилени ишке ашыруу”, “Жалпы билим берүүчү мектептерде физика-математикалык билим берүүнүн актуалдуу маселелери”, “Заманбап окутуу-тарбиялоо жана башкаруу”, “Жогорку математика жана информатиканын актуалдуу маселелери”, “Билимдерди баалоо системасы жана инновациялык технологиялар” темалардын алкагында V секциялык иштерде улантылды.

Белгилей кетсек, конференция ОшМУнун математика жана информациялык технологиялар факультетинин математиканы жана информатиканы окутуу технологиялары жана билим берүү менеджменти кафедрасы тарабынан уюштурулду.

2932 09:02 12-05-2018

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|