Жанылыктар

Эламан Жалалов Салттуу музыка жумалыгында жеңишке жетип, "Маданияттын мыкты кыматкери" төш белгиси менен сыйланды

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министирлиги "Кыргыздын салттуу музыкасы" фонду менен биргеликте Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда өткөрүлгөн Салттуу музыка жумалыгында аваздык-аспапчылык багыт боюнча сынакта ОшМУнун маданий-эстетикалык борборунун директору, обончу жана аткаруучу, Эламан Жалалов биринчи орунга ээ болду.

Ошондой эле Маданият, маалымат жана туризм министирлиги тарабынан "Маданияттын мыкты кыматкери" төш белгиси менен сыйланды. Сыйлыкты Маданият, маалымат жана туризм министири Султан Жумагулов тапшырды.

Ош мамлекеттик университетинин профессордук-окутуучулук жамааты, студенттер Эламан Жалаловду сыйлыгы менен куттуктап, чын ден соолук, иштерине ийгилик, чыгармачылык эргүү каалашат. Ар дайым чыгармачылыгыңды ийгиликтер коштоп, элдин ак батасын ала бер!

2764 11:11 26-04-2018

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|