Жанылыктар

"Ата-энем - бейишим" аттуу жолугушуу кечеси болуп өттү

Ош мамлекеттик университетинин кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинде 24-апрель күнү "Ата-энем - бейишим" деп аталган жолугушуу кече болуп өттү. Жолугушууга ОшМУнун ректору, профессор Каныбек Исаков катышып, социалдык жана тарбия иштери боюнча проректор Тумонбай Колдошов, ОшМУнун бүтүрүүчүсү, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Оштогу филиалынын жетекчиси Гулмира Эркулова жана факультеттин деканы, окутуучулар, ата-энелер, студенттер катышышты.

Жолугушуунун алкагында университеттин ректору Каныбек Исаков университеттин өнүгүү багыттары боюнча презентация жасап, мыкты окуган студенттердин ата - энелерине ыраазычылык каттарды тапшырды. Ошондой эле университет заманбап билим гана бербестен, улуттук таалим-тарбиялуу, бийик адамгерчиликтүү инсандарды тарбиялоого басым жасап келе жаткандыгын белгиледи.

Аталган кече Кл(б)-1-17 тайпасынын куратору Мастура Шарипованын демилгеси менен уюштурулуп, анда аталган тайпанын таланттуу студенттери тарабынан жагымдуу маанай тартуулаган концерттик программа коюлду.

Белгилей кетсек, аталган жолугушуу кечеси ата-энелер менен университеттин, студенттердин карым-катышын чыңдоо максатында уюштурулду.

4103 08:57 25-04-2018

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|