Жанылыктар

Региондордо ОшМУнун 3 мектеп-гимназиясы ачылат

21-апрель күнү быйылкы аймактарды өнүктүрүү жылына карата региондордогу мектептик билим берүүнү көтөрүү максатында Кара-Кулжа районунда ОшМУнун Кара-Кулжа мектеп-гимназиясы, Ноокат районунда ОшМУнун Ноокат мектеп-гимназиясы жана Кара-Суу районунда ОшМУнун Кара-Суу мектеп-гимназиясын ачуу максатында тиешелүү айыл өкмөт башчылары, райондук билим берүү башчылары менен кол коюлду.

Жакында бул райондордо заманбап окуу инфраструктурасын түзүп, так жана табийгый, гуманитардык илимдерди тереңдетип окутуучу, ар тараптуу шарттарды түзөт. Заманбап билим берүүгө басым жасайт. Окутуучулардын жөндөмдүүлүгүнө жараша түрдүү ийримдерди, искусство жана маданиятты терең өздөштүрүүгө шарт түзүүчү клубдар ачылмакчы. Мектеп-гимназиялар заманбап билим менен улуттук таалим-тарбияга, бийик адамгерчиликке жана руханий күчтүү болууга басым жасайт.

3996 16:01 23-04-2018

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|