Жанылыктар

Испаниниянын Кадис университетинде “ Бизди тааныйсынарбы?” фестивалы уюштурулду

Испания мамлекетинин Кадис университетинде 23-апрель күнү «Бизди тааныйсынарбы?» аттуу РИУЦ тарабынан уюштурулган фестиваль болуп өттү. Аталган фестивалга Кыргызстан, Казахстан, Россия, Молдова, Украина, Испания мамлекеттериндеги ЖОЖдордон келген студенттер катышты. Анда студенттер жалпы көрүүчүлөргө өз өлкөлөрү жөнүндө турдуу маалыматтарды беришити.

Учурда Кадис университетинде билим алып жаткан Ош МУнун студенттери Исмаилова Венера, Жылдызбекова Акылай жана Талантбек уулу Кыдырбек, Осмонова Айтолкун фестивалда кыргыз, орус, англис жана испан тилинде саламдашып, Кыргызстанды жана билим ордосу болгон ОшМУ тууралуу презентация жасашты. Ошондой эле кыргыз элинин улуттук баалуулуктары менен тааныштырышты.

3127 15:08 23-04-2018

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|