Жанылыктар

ОшМУ кесипке багыттаган “Билим» майрамын өткөрдү

Ош мамлекеттик университетинде 21-апрель күнү университеттин башкы имаратында кесипке багыт берүү иш-чараларынын алкагында “Билим» майрамы болуп өттү.

“Билим» майрамында ОшМУнун факультеттери, институттары, академиялары, колледждери, лицейлери, магистратура департаменти, структуралык бөлүмдөрү жандуу көргөзмө-презентацияларын көрсөтүштү.

Аталган майрамга карата жыйын уюштурулуп, ага Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарындагы мектептердин директору, Ош шаардык билим берүү башкармалыгынан, жогорку окуу жайлардан, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын бардык райондорунан, Ош шаарынын бардык мектептеринен мектеп бүтүрүүчүлөрү, жогорку окуу жайларынан студенттер, мектеп мугалимдери, ата-энелери келип, майрамга күбө болуп, каалаган адистик боюнча маалымат алышып, студенттердин колунан жасалган жаңы табылгалар менен таанышып, университетке саякат жасашты.

Жыйындын жүрүшүндө ОшМУнун ректору Каныбек Исаков Учурда билим берүүнүн сапатын эл аралык стандарттарга жеткирүүдө ОшМУдагы жасалып жаткан иштер деген аталыштагы презентация жасады.

Ал эми ОшМУнун ЖОЖго чейинки даярдоо департаментинин директору Т.Эркебаев ОшМУда окуп жаткан студенттердин жалпы саны боюнча мектептердин, райондордун рейтингин аныктаган маалымат менен тааныштырды. Эң жогорку балл алган алдыңкы мектеп директорлоруна, предметтик мугалимдерине ОшМУнун баалуу белектери тапшырылды.

Аталган жыйында аймактарда илимий жана билим берүү кластерлерин түзүү үчүн Кара-Суу, Кара-Кулжа, жана Ноокат райондорунда ОшМУнун гимназияларын ачуу боюнча райондун билим берүү башкармалыгынын башчылары, айыл өкмөтүнүн жетекчилери менен эки тараптуу келишимдерге кол коюлду.

Ал эми келген абитуриенттерге уюштуруучулар тарабынан ОшМУ тууралуу маалыматтар таркатылып, ОшМУнун “ЖОЖго даярдоо” борбору тарабынан мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн көз карандысыз тестирлөө борборлорунда алдын-ала ЖРТга тестирлөөлөр жүргүзүлдү. Жыйынтыгында эң жогору балл алган Ош шаарындагы №50 Нышанов орто мектебинин окуучусу Сатимова Жаннат, Кара-Суу районундагы №19 Мусаев орто мектебинин окуучусу Сейдакматова Нураида жана ОшМУнун “ЖОЖго даярдоо” борборунун угуучусу Жапарова Айсулуу ОшМУнун ректорунун атайын белектерине ээ болушту жана алар ОшМУга тапшырууну максат кылгандыктарын билдиришти.

Ошондой эле факультеттин декандарына КРнын Президентинин
2017-жылдын 30-августундагы жарлыгынын негизинде ОшМУга берилген «ДАҢК» орденинин көчүрмөсү тапшырылды.

Белгилей кетсек, ОшМУда үзгүлтүксүз билим берүүнүн универсалдуу кластери түзүлгөн. Бала бакча – гимназия – колледж – бакалавриат – магистратура – ординатура – интернатура – аспирантура - доктарантура сыяктуу билим берүү баскычтары ар тараптуу адистерди даярдаган кластерге бириккен. Бүгүн Ош МУда 1 бала бакча, 2 гимназия, 4 колледж, 3 институт, 3 академия, 18 факультет, магистратура жана докторантура бөлүмдөрү бири-бирин толуктап, бири-бири менен эриш-аркак үзүрлүү иштеп келүүдө.

3656 19:55 21-04-2018

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|