Жанылыктар

“Балдарга сүйүнүч тартуулайлы!” кайрымдуулук акциясы

ОшМУнун “Зирек” башталгыч билим берүү борборунда 2- апрелден 20 - апрелге чейин кайрымдуулук акциясы өттү. Акцияда окуучулар оюнчуктарды, китептерди жана кийим кечелерди алып келип, чогултушкан.

Ошондой эле бул акцияга ОшМУнун “Билим” лицейинин мугалимдери жана окуучулары да колун созушкан.

Жыйынтыгында “Зирек” мектебинин жамааты топтолгон буюмдарды шаарыбыздагы “Алтын уя” жана №12 балдар үйүнө алып барып тапшырып, концерттик программа тартуулап келишти.

2319 22:00 20-04-2018

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|