Тарых факультетинин 3-курсунун 15 студентти аталган факультеттин ага окутуучусу Тажибай Айтбаев, доцент Махбурат Султанова, окутуучу Таваккал Усмановдор жетектеп барышты.
Студенттер 4 күн аралыгында Андижан, Самарканд, Ташкент шаарларындагы Амир Темур, Улугбек абсерваториясына, Гурамир, Шохинзинда, Бибихоним, Регистан аянтчаларына, Ак сарай, Новои, экс-предидент И.Каримовдун музейлеринде болушту. Практика учурунда студенттер тарыхый шаарларда жайгашкан музейлерден көптөгөн баалуу маалыматтарга ээ болушкан.