Жанылыктар

ОшМУда “Жогорку окуу жайдагы туруктуу өнүгүү” аттуу эл аралык илимий конференция өтүүдө

20-21-апрель күндөрү ОшМУнун дүйнөлүк тилдер жана маданият факультети тарабынан “Жогорку окуу жайдагы туруктуу өнүгүү” аттуу эл аралык илимий конференция өз ишин баштады.

Конференция 5 багыт боюнча өтүүдө:

• Айлана-чөйрөнү, жаратылышты коргоо;

• Социалдык туруктуу өнүгүү;

• Экономикалык туруктуу өнүгүү;

• Жогорку окуу жайдагы туруктуу өнүгүүнүн маселелери;

• Лингвистикадагы азыркы тентенциялар.

Илимий конференцияга Англиядан, Нигериядан, Индиядан жана Өзбекстандан ошондой эле өлкөбүздөгү жогорку окуу жайларынын окумуштуулары катышууда. Жалпысынан 80ден ашуун илимпоздор туруктуу өнүгүү боюнча маселелерди жана анын көйгөйлөрүн чечүү жөнүндө ой бөлүшүштү.

Белгилей кетсек, жыл сайын “Дүйнөлүк тилдер жана маданият” факультетинде 2-курстун студенттерине “Туруктуу өнүгүүгө киришүү” боюнча элективдүү курстар англис тилинде өтүлүп келет. Ошондой эле “Жашыл жумалык” (go green week ) иш – чарасы уюштурулуп, анда айлана – чөйрөнүн, экономиканын жана социалдык туруктуу өнүгүүнүн көйгөйлөрүн талкуулап, чечүү жолдорун сүйлөшүү менен англис тилин тереңдетүүгө аракет жасалат.

2797 20:05 20-04-2018

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|