Жанылыктар

“ОшМУ периси-2018” сынагында эл аралык мамилелер факультетинин студенти Чырмашева Ванесса жеңүүчү деп табылды

Ош улуттук драма теартында 17-апрель күнү Ош мамлекеттик университетинин “ОшМУ периси - 2018” сынагы болуп өттү.

Сынактын финалдык туруна 13 студент катышып, ар бир катышуучу өзүн тааныштырып, музыкалык сынак жана кечки стиль тапшырмаларын аткарышты.

Сынакка белгилүү обончу, аткаруучулар, дизайнерлер калыстык кылып жыйынтыгында эл аралык мамилелер факультетинин студенти Чырмашева Ванесса гран-прини жеңип алып “ОшМУ периси-2018” жана “Instagram тандоосу-2018” номинациясына ээ болуп, уюштуруучулар тарабынан Анталияга эс алууга жолдонмо менен сыйланды.

Экинчи орунду ээлеген дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин студенти Рустам кызы Элдяна “ОшМУнун таланттуу периси-2018” номинациясына ээ болду, ал эми орус филологиясы факультетинин студенти Акылбекова Кулпунай “ОшМУнун ажарлуу периси-2018” жана “Facebook тандоосу-2018” номинациясына ээ болуп диплом, баалуу сыйлыктар менен сыйланышты.

Ошондой эле сынактын бардык катышуучуларына ОшМУ тарабынан баалуу белектер тапшырылды.

Сынак жылдагыдан өзгөчөлөнүп, социалдык тармактарда да тандоолор жүргүзүлдү.

Белгилей кетсек “ОшМУ – периси”сынагы ОшМУнун тарбия департаменти, жаштар комитети тарабынан салтка айланып уюштурулуп келет.

5578 20:49 17-04-2018

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|