Жанылыктар

Искусство факультетинде «Илим жана искусство» жумалыгы башталды

Ош мамлекеттик университетинин искусство факультетинде 16-апрелден 26-апрелге чейин пландаштырылган Аймактарды өнүктүрүү жылына жана залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесине каратауюштурулган “Илим жана искусство” жумалыгынын ачылышы аземи өттү.

Жумалыктын ачылыш аземинде Ч. Айтматовдун чыгармачылыгы боюнча илимий семинар уюштурулуп, музыкалык маданий кече менен коштолду. Кечеде таланттуу студенттер Ч.Айтматовдун чыгармаларынан үзүндү аткарышып, чыгармаларына арналган обондуу ырларынан ырдашты.

Бир жума аралыгында «Илим жана искусство» жумалыгына арналган түрдүү багыттагы иш чаралар факультеттин жамаатынын уюштуруусунда өткөрүлөт.

2613 20:50 16-04-2018

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|