Ош мамлекеттик университетинин Кыргыз-Европа факультетинин “туризм” багытынын студенттери жана окутуучулары 6-апрелде Кыргыз Республикасынын “Таза коом” долбоорун колдоо максатында “Таза коом – таза чөйрө” аттуу экологиялык акция уюштурушту.
Акциянын алкагында окутуучулар жана студенттер Ак-Буура дарыясынын жогорку агымындагы адамдар эс алуу үчүн көп чыккан Чулдук чөлкөмү ар кандай таштандылардан тазалашты. Ошондой эле окутуучулар студенттерге жаратылышты коргоо, айлана-чөйрөнү таза кармоо, таштанды чыгаруу маселелери боюнча талаа окуусун өткөрүштү.