Жанылыктар

ОшМУда жалпы ишембилик өттү

Бүгүн 17-март күнү Ош мамлекеттик университети бардык имараттарында, жатаканаларында окуу аудиторияларын, иш бөлмөлөрдү тазалап, иретке салуу үчүн жалпы университеттик ишембилик өткөрдү.

Тазалоо иштерине студенттер, окутуучулар жана кызматкерлер тартылды. Ишембиликте окуу имараттарынын короо жайлары тазаланып, айрым жерлерде бак-дарактар жана түрдүү гүл көчөттөрү отургузулду. Жалпысынан 36 ак кайын, 9 карагай, 180ден ашуун жаңгак тигилди, 1000дей дарактар акталды.

ОшМУ шаардык жалпы ишембиликке активдүү катышып, Ак Буура дарыясынын жээгинен 3 километрден ашуун аянтты жана Ош шаарынын бир катар көчөлөрүн тазалады.

2706 16:02 17-03-2018

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|