Жанылыктар

ОшМУга Каракол шаарынын депутаттары келишти

“Youth of Osh” коомдук бирикмесинин демилгеси менен 16-март күнү Каракол шаарынын депутаттары, жаш активистери Ош мамлекеттик университетине келишип, окуу жай менен жакындан таанышып, билим берүүгө түзүлгөн шарттар, жаңылыктар, университеттин заманбап инфраструктуралары, жетишкендитер, саамалыктар, жаштар менен тыгыз иш алып барган жаштар комитетинин ишмердүүлүктөрүнө күбө болушту.

ОшМУнун ректоратынын өкүлдөрү менен жолугушууда университеттин окуу-иштери боюнча проректору Расул Абазбек уулу “Ички мобилдүүлүктү камсыз кылган “Ош декларациясынын” алкагында Каракол шаарында жайгашкан К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин студенттери ОшМУда билим алып жаткандыгын, ошол эле кезекте ОшМУнун студенттери да ЫМУдан билим алып келип, учурда бардык аймактардагы студенттердин бири-бири менен билим алмашуу кызуу жүрүп жаткандыгын белгиледи. Ошондой эле Ош мамлекеттик университети “Аймактарды өнүктүрүү” жылына карата бир топ региондордо университеттин гимназияларын ачуу иштерин колго алып, бул боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жаткандыгына айтты. Ошондой эле билим берүү, спорт, социалдык багыттагы иш аракеттерде жаштардын башын бириктирип, биргелешкен иш аракеттерди аткаруу маселелери тууралуу ойлор ортого салынды.

4783 15:54 17-03-2018

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|