Жанылыктар

Андижан мамлекеттик университетинин илимпоздору ОшМУда конок лекцияларды өтүштү

16-март күнү Андижан мамлекеттик университетинен келген илимпоздор ОшМУга конок лекцияларды окушту. Алар академик С. Зайнобидинов, профессорлор И. Аскаров, М. Умархужаев, Г. Хошимов жана педагогика кафедрасынын 4 окутуучусу: З. Азимова, М. Артикова, Г. Хасанова, Ш. Бекмуродовалар.

Илимпоздорду ОшМУнун илимий иштер боюнча проректору, профессор Идирис Кенжаев кабыл алды. Жолугушууда эки окуу жай ортосунда уюштурулуучу биргелешкен эл аралык илимий-практикалык конференциялар туурасында сөз болду. Академик С. Зайнобидинов физики-техника факультетинде, профессор И. Аскаров табият таануу жана география факультетинде, профессорлор М. Умархужаев жана Г. Хошимовдор дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинде окутуучулар жана студенттер үчүн кызыктуу лекцияларды өтүштү.

Жыйынтыгында окумуштуулар ОшМУнун өнүктүрүү жана эл аралык байланыштар боюнча проректору Абыганы Абдувалиев менен жолушуп, пикир алышты. Жолугушууда А.Абдувалиев конокторго ыраазычылык билдирүү менен эки университеттин байланыштары күн сайын жанданып, жаңы деңгээлге көтөрүлүп жаткандыгын белгиледи. Ошондой эле жакынкы күндөрдү келишимдерге ылайык 12 студент АнМУга билим алмашып келүүгө жөнөп жаткандыгын айтып, келечекте тажырыйба алмашууну, академиялык мобилдүүлүктү, конок лекцияларды уюштурууну, эл аралык илимий конференцияларды өткөрүүнү күчөтүүнү белгиледи.

Өз кезегинде профессорлор эки окуу жайдын ортосунда илимий иштерди бирге жасоого, жаш окутуучуларга багыт берип, илимий иштерине жетекчилик кылууга даяр экендиктерин билдиришти.

3532 10:51 17-03-2018

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|